Жаңылыктар
Таштандыны урнага салбай, ойду-келди ыргыткандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Таштандыны урнага салбай, ойду-келди ыргыткандар көбөйдү

Бишкекте мындан ары акыр чикир салуучу урналар жок деген кеп болбойт. Анткени шаардык мэрия жаңы урналарды кенен сатып алганын билдирди. Ал гана эмес, жаңы конуштарга да жете турган болууда. Бирок мындай кубантаарлык иш болгону менен таштандыны атайын коюлган урнага эмес, ойду келди ыргыткандар көбөйдү. Негизи акыр чикирди туш тарапка таштагандар адам аттууларбы же кимдер? 

Таштанды салуучу урнага эмес, туш келди ыргытылган жерди көп деле издеп кереги жок. Бул жер болсо Ахунбаев жана Дүйшөнбү көчөлөрүнүн кесилиши. Акыр чикирлер арыктын ичине ташталган. Жанында көзгө көрүнөө жерде таштанды челеги деле турат. Кайдыгерликтин жеткен чеги болбосо ачыгын айтканда, мындай ишти төрт буттуулар деле кылбаса керек.


Бала көргөнүн кылып жатабы же ушундай тарбия берилгенби таштандыны урнага эмес башка эле жерге ыргытып жатат. Мындай көрүнүштөр шаарда ого эле көп. Эл деле ага көнүп калгандай. Абай көчөсүндөгү бул үйдө жашаган улуу муундун өкүлдөрү айта берип тилибиз тешилди дешет.

Акыр чикир салуучу урналар жетишпейт деп даттануунун деле кереги жоктой. Ошентсе дагы, шаардык мэрия жакында беш миң даанадан ашык жаңы урналарды орнотууну көздөп жатканын билдирди. Учурда жаңы урна коюлуучу жайлардын орду даярдалууда. Эскилери болсо акталып, сырдалып жаңы конуштардын таштанды төгө турган жерлерине коюлат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы таштандыны ойду келди ыргыткандар кармалчу болсо эки миң сомдон айып пул салынат же айып катары көчө шыпырат делип административдик кодекске өзгөртүү деле киргизилген болчу. Бир жыл ичинде 1 жарым миң иш козголгону айтылууда. Бирок натыйжалуу жыйынтык жоктой. Бирок антип да, тигинтип да тыйганыбыз менен маданият жок болсо айла жок.