Жаңылыктар
Жаңы жумуш орундары миграция агымын токтотот
Экономика
Жаңы жумуш орундары миграция агымын токтотот

Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор улуттук долбоорлор болуп саналарын. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда белгиледи. Ошондой эле Мамлекет башчы ирригацияны өнүктүрүү жалпы өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, миграция агымын кыскартууга өбөлгө болооруна токтолду. 

Баткен районунун аймагында 1000 гектар жаңы жерди өздөштүрүү аракети көрүлүүдө. Учурда буга чейин пайдаланып келген каналды кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Аталган курулушка  500 милллион сом грант катары бөлүнүп, жергиликтүү 100 жаран жумушка тартылган. Каналдын курулушун 2021-жылы толугу менен бүткөрүү мерчемделген. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"