Жаңылыктар
Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө муктаждык жаратуу зарыл
Билим
Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө муктаждык жаратуу зарыл

Парламент мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча токтомдун долбоорун кабыл алды. Ага ылайык депутаттардын сунушу менен квартал сайын мыйзамдын аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берет. Себеби жыйында эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү мыйзамдын аткарылбай жатканын белгилешти.

 

Айрым депутаттар тилди өнүктүрүү максатында көп китеп чыгаруунун кажети жок, тийиштүү программаларды иштеп чыгуу керек. 

Ошол эле учурда мамлекеттик тилди үйрөнүүгө муктаждык жаратуу зарыл деген ойлор айтылып, депутаттар тарабынан мамлекеттик тилди билбеген мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан кетирүү сунушу да берилди. 

Өкмөт өкүлдөрү мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды жана президенттин жарлыгын аткаруу максатында 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар бекитилгендигин билдирди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118