Жаңылыктар
Стамбулдагы жардыруудан бир нече адам каза болду
Дүйнө
Стамбулдагы жардыруудан бир нече адам каза болду

Бүгүн, Стамбулдун Султанахмет аттуу тарыхый районунда жарылуу болду. Түркиянын басма сөз басылмаларынын билдирүүлөрү боюнча, аталган жарылуудан жабыр тарткандар жана каза болгондор көп. 

Учурда 8 адамдын каза болгону айтылууда.  Hurriyet аттуу түрк гезитинин маалыматына ылайык, жардырууну жанкечти террорчу кылган.

Султанахметтин борбордук аянттагы жардыруу жергиликтүү убакыт менен саат 10:20да болгон. Ал эми, кошумча маалыматтарга ылайык жабыр тарткандардын арасында чет элдик туристтер да бар.