Жаңылыктар
1916-жылдагы көтөрүлүш– кайра жаралууга багыт берди
Маданият
1916-жылдагы көтөрүлүш– кайра жаралууга багыт берди

“1916-жылдын көтөрүлүшү– кайра жаралууга жол”.  Бул Гапар Айтиев атындагы көркөм  сүрөт музейинде , 26-майда ачылган сүрөт көргөзмөнүн темасы.  Анда  Кыргызстандын 100 жылдык тарыхы  үч бөлүктө чагылдырылган.  СССРдин эл сүрөтчүсү Семён Афанасьевич Чуйко́в  баш болгон улуу муундагы сүрөтчүлөрдүн, 16 картинасын калыбына  келтирүүгө, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев каражат бөлүп бергени айтылды.

Бул үч бөлүктөн турган көргөзмөнүн, биринчи бөлүгүндөгү,  кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүн  чагылдырган 16 картины, президент  Алмазбек Атамбаев каражат бөлүп берип, 40 жылдан кийин калыбына келтиргенин  айтты.

Көргөзмөдөн атактуу сүрөтчүлөрдүн Кыргызстандын тарыхындагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү, андан кийинки Совет  учурундагы өнүгүү  жана  тарыхка жаңыча көз караштагы  чыгармаларды көрүүгө болот. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”