Жаңылыктар
Окуучулардын билим деңгээли төмөн
Билим
Окуучулардын билим деңгээли төмөн

Окуучулар мектепти билим деңгээли төмөн болуп аякташууда. Алар жогорку окуу жайга тапшырганда изденип билим ала албайт кыйналышат. Ал эми билим берүү жана илим министрлиги болсо бул маселени талдап,  тишелүү аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгилешүүдө. Адистер эртерек  мектептердеги билим берүү сапатын жакшыртуу зарыл-дешүүдө.  

Бүгүн өлкө аймагында 2 миңден ашык мектеп өзүнүн окуучуларын уядан учурат. Алар аттестат жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ээ болуп, кесиптик жана жогорку окуу аттанышмакчы. Ал эми өткөн жылы болсо жалпы республикалык тестирлөөгө 53 миңдей окуучу катышып, алардын 4130 гранттык орундарга кабыл алынган. Бүтүрүүчүлөрдүн тестинин  орточо көрсөткүчү 114 балл болгон.

Кошумчалй кетсек быйыл 2 миңдей  мектептен 60 миңден ашык окуучу мектепти аякташат.

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»