Жаңылыктар
Байкоочу кеңеште "Ой ордо" программасы талкууга алынды
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңеште "Ой ордо" программасы талкууга алынды

Кечээ, КТРКнын Байкоочу кеңеши, кумсалар боюнча “Ой ордо” программасынан кеткен эфирди талкууга алды. 

Талкууга буга чейин КТРКнын алдында аталган тема боюнча митингге чыгышкан коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Алгач нааразы тарап өз пикирлерин айткан соң, Байкоочу кеңеш “Ой ордо” программасынын продюсеринин жана башкы директордун маалыматын укту. 

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков телеканал коомдук болгондуктан, коомдогу баардык адамдардын пикирин эфирге алып чыгууга милдеттүү экенин айтты. 

Бирок кумсалар темасы коомдо өтө терс кабыл алынганын эске алганда, мындан ары мындай маанини камтыган программаларды эфирге алып чыгууга тыюу салуу боюнча маселе каралып жатканын белгиледи.

Эске салсак, КТРКнын  "Ой ордо" көрсөтүүсүнө байланыштуу митинг өтүп, нааразычылык акциясынын уюштуруучулары "массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсаларды пропагандалоо жүрүп жатат. Мындай көрүнүшкө каршы күрөшүү керек" деген пикирлерин билдиришкен. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118