Жаңылыктар
Өлкөдө кытайлардын саны көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө кытайлардын саны көбөйдү

Мамлекеттик миграция кызматы "сырттан келген эмигранттарды иретке салуу жана чектөөлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Максаты -  Кыргызстандын ички эмгек базарын коргоо багытталган.  Аталган кызматтын төрагасы Бакты Адыловдун айтымында 2016- жылга өкмөттүн токтому менен чет  мамлекеттин жарандары үчүн 14 миң эмгек квотасы берилген. 4 айдын ичинде анын 6 миңдейи пайдаланылып, 83 пайзын Кытайлыктар ээлеген. Андан кийинки үлүш Түркия, Афганистан, Ирандыктарга тийет.  Мыйзам долбоору колдоо тапса, анда ири долбоорлорду аткарууда, завод, факрикаларда эмгектенген  чет элдиктерге 20 пайыздан 10 пайызга чейин чектөөлөр киргизилет. 

Коомчулукта өлкөдө чет элдиктердин карааны арбып бара жатканы, айрыкча   кытайлардын саны алда канча көп экендиги айтылып келет.  Миграция кызматынан билдиришкендей өкмөт  атайын  программа иштеп чыгып, сырттан келген бардык жарандарды каттоого алуу иши баштады.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”