Жаңылыктар
Алгачкы космонавттын жубайы Валентина Горячева дүйнө салды
Дүйнө
Алгачкы космонавттын жубайы Валентина Горячева дүйнө салды

Дүйнөдөгү биринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева 85 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Космонавттарды даярдоо борборунун маалымат кызматына таянуу менен билдирди. Ал мындан бир ай мурда инсульт алып, тамырына уюган канды алуу боюнча операция жасалганы айтылат. Валентина Горячева 1935-жылы 15-мартта Оренбург шаарында туулган. Ал медициналык окуу жайды аяктаган. 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан.

Жубайлар Елена жана Галина аттуу эки кызды жарыкка алып келген. Горячева 1968-жылы жолдошу каза болгондон кийин Звезда шаарында Учкучтарды башкаруу борборунун лабораториясында лаборант-биохимик болуп иштеп калган.