Жаңылыктар
Өлкөбүзгө туристтердин арбын келиши күтүлүүдө
Туризм
Өлкөбүзгө туристтердин арбын келиши күтүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин Кыргызстандагы курорттук эс алуучу жайлардын сезонго карата даярдыгы текшерилиши керек. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик органдарына тапшырды. Жазында туристик сезон расмий ачыларын айткан премьер, туристтик сезонду сентябрь айында рамий жабуунун кереги жоктугун эскертти.

Өкмөт жыйынына ар бир министрликке жайкы мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында, өз-өзүнчө тапшырмалар берилди. Ал эми өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкулдөрү менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 1-июнга  чейин Кыргызстандагы бардык курорттук эс алуучу жайлардын сезонго карата даярдыгы текшерилип чыкмай болду.

М. Абдраманова, “Биринчи  радио”