Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт
Саясат
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылган жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 25 айылдык жана 5 шаардык кеңеште добуш берүү мурда белгиленгендей 12-апрелде өтөт. Ошол эле учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт жана шайлоо учурунда санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук чараларын так сактоо, партиялардын айрым иш аракеттерине чектөө киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууда. 

Маселен, үгүт маалында талапкерлердин эл менен болгон жолугушуусун чектеп, аларга массалык маалымат каражаттарынан, телерадио жана гезит журналдардан көбүрөөк убакыт берүү сунушталууда. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, шайлоо эки гана учурда, өлкөдө өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда гана жылдырылышы мүмкүн. Азыркы учурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган айыл жана шаарларда коронавирус катталган жок.