Жаңылыктар
"Кыргызпочтасы" ишканасы аманаттарды жөнөтүүнү убактылуу токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
"Кыргызпочтасы" ишканасы аманаттарды жөнөтүүнү убактылуу токтотту

"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы 37 мамлекетке аманаттарды жөнөтүүнү убактылуу токтотту. Маалыматка караганда, булар Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Корея, Япония, Австрия, Австралия, Грузия, Индия, Италия, Польша, Литва, Украина, Чехия сыяктуу өлкөлөр. Ал эми Кытай почтасы Казакстан менен бардык почта алмашууну токтотконун маалымдады. Ошондой эле, Өзбекстан эл аралык багыттагы бардык каттамдарга чектөө киргизди.