Жаңылыктар
Ишкердик субъекттерди ыкчам кабыл алууга байланыш борбору түзүлдү
Экономика
Ишкердик субъекттерди ыкчам кабыл алууга байланыш борбору түзүлдү

Ишкердик субъекттерди ыкчам кабыл алуу үчүн Экономика министрлигинде байланыш борбору түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. 

Мындай чечим республикада экономикалык кесепеттердин пайда болуу тобокелдиктерине, анын ичинде дүйнөдөгү COVID-19 инфекциясы менен байланышкан ишкердик жүргүзүүдө көйгөйлөргө байланыштуу кабыл алынган. Так маалымат алуу үчүн +996 312 620319 номери аркылуу байланыш борборуна, Whats app 0555774405 номери, ошондой эле info@mineconom.gov.kg электрондук дарегине кат аркылуу кайрылууга болот.