Жаңылыктар
КТРК өзүнүн иштөө режимине өзгөртүүлөрдү киргизди
УТРК жаңылыктары
КТРК өзүнүн иштөө режимине өзгөртүүлөрдү киргизди

 Кыргыз Республикасынын жарандары арасында коронавирусту жуктургандар катталганына байланыштуу, КТРК өзүнүн иштөө режимине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жарандарга бул дартка каршы кантип күрөшүү керектигин жана учурдагы абал тууралуу тынымсыз маалыматтар берилип турмакчы.

Мектеп окуучулары карантинге таратылганына байланыштуу, Баластан жана Коомдук биринчи канал балдарга ылайыкталган тарбиялык мааниси бар көрсөтүүлөрдү бере баштайт.

“Ала-Тоо 24” жана “Биринчи радио” жарандарга үзгүлтүксүз маалымат берип, коронавирусту жуктургандардын азыркы абалы, азык-түлүк, базар баалары, экономика жаңылыктары сыяктуу маалыматтарды тынымсыз берип турат.

Мындан тышкары, коронавируска каршы күрөшүү максатында социалдык роликтерди чыгара баштадык.

Эфирдик торчодо өзгөрүүлөр орун алганына байланыштуу, КТРКнын жетекчилиги корпорациянын ичинде вируска каршы күрөшүүнүн жол-жобосун иштеп чыкты:

-Көрсөтүүлөрдү көпчүлүк адамдын катышуусунда тартууга тыю салуу.


-КТРКнын имаратына колду вирустан тазалоочу антисептикалык каражаттарды орнотуу.


-КТРКнын имаратын жана  аймагын күн сайын дезинфекциялап туруу.


-Корпорация кызматкерлерин чет өлкөлөргө иш сапары менен чыгуусуна тыю салуу.


- КТРКнын ички чогулуштарын телефон конференция менен өткөрүү режимине өтүү.


-Айрым кызматкерлерге үйүндө олтуруп иштөөгө уруксат берүү.