Жаңылыктар
Улуттук банк 3,7 млн. доллар сатты
Экономика
Улуттук банк 3,7 млн. доллар сатты

Борбордук банктын сайтындагы маалыматка караганда бул - 19-мартта валюта базарына чыгарылган акчанын суммасы.

Мурдараак Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасында интервенцияга байланыштуу соода сессиясы 19-март күнү саат 19:00гө чейин узартылганын маалымдаган. Анын айтуусунда, валюталардын кымбатташы - ири экономикалык өлкөлөрдүн жана коңшулаш мамлекеттердин валюталарындагы кескин серпилүүгө байланыштуу. Ушундан улам Кыргызстандын ички валюта базарында чет элдик валюталарга суроо-талап күч алган.

19-март күнү түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сата башташты.

Бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармоо үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан.