Жаңылыктар
Мектептерде акыркы коңгуроо кагылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде акыркы коңгуроо кагылды

Бүгүн бардык орто мектептерде акыркы коңгуроо жаңырды. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын маалыматына таянсак бул жылы 11-классты 62 миң бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 93 миң окуучу аяктады.

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 48 миң 211 абитуриент катталган. Жогорку окуу жайлардагы гранттык орундар болсо 5 миң 705. Эске сала кетсек, ар түрдүү бүтүрүү кечелерин өткөрүү үчүн деп акча чогултууга, кафе-ресторандарда же жаратылышка чыгып эс алууга тыюу салынган. 

Мектептердеги экзамендер 5-8чи жана 10-класстар үчүн 30-майда башталат. Ал эми 11-класстар үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар 2-июндан 17-июнга чейин болот. 

Бул күндөрү коомдук коопсуздукту 3,5 миң милиция кызматкери камсыз кылат жана 5 унаадан ашкан кортеждерге айып салынат.