Жаңылыктар
Улуттук банк кескин түрдө доллар курсунун жогорулап кетишине жол бербейт
Экономика
Улуттук банк кескин түрдө доллар курсунун жогорулап кетишине жол бербейт

Улуттук банк доллардын мындан аркы курсу кандай болорун так айта албайт. Бирок, эч убакта кескин түрдө курсу жогорулап кетишине дагы жол бербейт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтты. Учурдагы доллардын курсу дүйнө жүзүндө болуп жаткан жагдайга түз байланыштуу болуп жатат.

"Мындайды биз мурда басып өткөнбүз. Доллар 75ке чейин көтөрүлүп кийин 67ге токтолгон. Биздин банктарда доллар жетиштүү. 2-3 күн ичинде нормага келет. Паникага эле алдырбагыла",- деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. 

"Улуттук банктын кадамы туура болду. Биздин рынок Россия менен Казакстандын экономикасы менен тыгыз байланышта. Аларда дагы доллар көтөрүлдү. Эгер бизде доллар көтөрүлбөсө ал жакка сатып алып капитал чыгып кетмек. Туура түшүнүү керек муну",- деп билдирди экономика тармагы боюнча адис Кеңешбек Алимбаев.