Жаңылыктар
62 миң окуучу мектепти бүтүрдү
Билим
62 миң окуучу мектепти бүтүрдү

Бүгүн 62 миң окуучу мектепти  бүтүрүп, чоң турмушка сапар алды. Ал эми 93 миң жаш өспүрүм 9-калассты аяктап жатат. Жаштардын алдында чоң сыноо жана тобокелдиктер менен мүкүнчүлүктөр бар. Башкысы кесип тандоодо адашпоо керек. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй дүйнө калкынын 70 пайызы убагында кесипти туура эмес тандап алганына өкүнөт. Адистердин айтымында заман агымы менен жакынкы жылдарда бир нече кесиптер өз актуалдуулугун жоготот. 

Белгилей кетсек, бүгүн республика боюнча 62 миң окуучу мектепти аяктап жатат. Аларга 23-июнда салтанаттуу түрдө атестаттар тапшырылып, колдоруна Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын  алышат.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”