Жаңылыктар
Кыргызстанга жүктөр чектөөсүз өткөрүлүүдө
Чек ара
Кыргызстанга жүктөр чектөөсүз өткөрүлүүдө

Азык-түлүк тартыш болбойт. Өлкөгө товар алып кирүүгө бөгөт коюлган жок. Кыргызстанга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан чек ара өткөрүү жайлары аркылуу жүктөр эч чектөөсүз өткөрүлүүдө. Жалгыз "Ак-Тилек" өткөрүү бекети аркылуу эле күн сайын жүздөй жүк ташуучу унаа кирип жатат. Мындан сырткары темир жолунда да каттам тынган жок.

Жүк ташуучу унаа айдаган Элдар Осмонов мындай тыкыр текшерүүгө 13 жылдык тажрыйбасында алгачкы жолу кабылып отурат. Санитар адистер байкоо салып, андан коронавирустун белгилери жок экени аныкталды. Атайын маалымкат берилип, эми ал аркылуу жашаган жерине жакын ооруканага кайрылып турат. 

Кыргызстанга “Ак-Тилек” чек ара бекети аркылуу кыргызстандык жарандар гана өтүп жатышат. Алардын катарында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да бар. Милдеттүү түрдө санитардык текшерүү жүргүзүү баарына тиешелүү. 

Чек арадан өткөн жүк ташуучу унаалар зыянсыздандырылууда. Бул үчүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын адистери иш алып барып жатышат. Бир унааны дезинфекциялоо он мүнөткө чейин созулат. 

“Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу ар күн сайын жүздөй унаа кирип-чыгат. Санитардык текшерүүлөр менен дезинфекциялоо ишин эске албаганда, аларга эч кандай тоскоолдуктар жок. 

Жүк ташуучу унаалар Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга да кирип, чыга алат. Кытай менен траснпорт каттамдары токтотулган. Бул өлкөдөн товарлар темир жолу менен Казакстан аркылуу алынып келинүүдө. Мындан улам өкмөт азык-түлүккө байланышкан тартыштык болбой турганын айтат.