Жаңылыктар
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баа боюнча чекти белгиледи
Экономика
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баа боюнча чекти белгиледи

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чекти белгиледи. Талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча, нан, макарон, өсүмдүк майы жана пахта майы, шекер, жумуртка менен эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленди. 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бааларды жөнгө салууда ишкерлердин бардык чыгымдары эсепке алынган. Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик кызматтардын адистери бааларга көзөмөл жүргүзүп жатышат. Чектөөлөрдү бузгандар Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат.