Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болбойт
Саясат
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болбойт

12-апрелге белгиленген Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болбойт. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. «Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз карандысыз демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргызстандын Конституциясыныгн ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат. 

COVID-19 коронавирусунун жайылышынан улам Кыргызстандын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы №6 чечимин көңүлгө алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын жана коомчулуктун кайрылууларын эске алып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында токтом кылынат: Президенттин 2020-жылдын 10-февралындагы № 32 Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды мындан ары аткаруу Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал режиминин мезгилинде токтотулуп турсун - деп айтылат Жарлыкта. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.