Жаңылыктар
Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот жыйыны өттү
Кылмыш
Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот жыйыны өттү

Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот жыйыны өттү. Бул иште Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Назаров жана Бримкуловдор айыпталууда. 

Бүгүнкү соттук отурумда Осмонбек Артыкбаев менен Ольга Лаврова акыркы сөзүн сүйлөштү. Башка айыпталуучуларга 20-марттагы сот отурумунда сөз берилген. Бул иш боюнча чечим чыгаары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо Исаков, Сатыбалдиев, Лаврова, Артыкбаев, Калиев, Авазов, Назаров, Бримкулов боюнча чечим чыккан. Анда айыпталуучулар 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышкан.