Жаңылыктар
Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук жараян өтүүдө
Саясат
Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук жараян өтүүдө

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук жараян өтүүдө. Бул иш боюнча 14 адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Учурда Соттун имаратында айыпталгандардын туугандары менен тарапташтары чогулду. Соттук отурум судья Марат Сыдыковдун жетекчилиги алдында өтөт. 

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алып, ооруканага кайрылган.