Жаңылыктар
Бишкек: Алыш бел боо күрөшү боюнча чемпионат өтүп жатат
Спорт
Бишкек: Алыш бел боо күрөшү боюнча  чемпионат өтүп жатат

Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Мелдеште өлкө боюнча жалпысынан 200 спортчу күч сынашууда. 

Алардын катарында титулга ээ спортчулар дагы бар. Чемпионаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөрдүн ысымы менен бирге Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган мыктылардын дагы аттары аталат. 

Өткөн жылы көчмөндөр оюнуна спорттун бул түру боюнча 19 мамлекеттин спортчулары катышса, бул жылы 40 мамлекеттен келери күтүлүп жатат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118