Жаңылыктар
Азык-түлүк, дары-дармек тоскоолдуксуз ташылат
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүк, дары-дармек тоскоолдуксуз ташылат

Өзгөчө абал режими иштеп жаткан шаарлар менен райондордо азык-түлүк жана медициналык дары-дармектер тоскоолдуксуз өткөрүлөт. Ыкчам штабдан билдиргендей аны үчүн «жашыл коридор» түзүлүп берилет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир күн, саат маанилүү кымбат, болгондуктан бардык маселелер жеринде токтоосуз чечилүүгө тийиш - деп белгиледи. 

Комендатураларга караштуу сурап билүү борборлору калкка чектөөлөр жана жаңы тартиптер тууралуу сапаттуу жана жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жеткириши керек. Элге кабыл алынган өзгөчө чараларды түшүндүрүү да маанилүү экенин билдирген Боронов республика үчүн ушул оор күндөрү бардык бизнести иретке келтирүү жагын да белгиледи. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары маселелерди ыкчам чечүүсү зарыл.