Жаңылыктар
Чек ара: жүк тоскоолдуксуз өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара: жүк тоскоолдуксуз өтүүдө

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташуучуларды өткөрүү жандандырылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей 25-мартка карата «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чоң-Капка автожол» аркылуу 26 оор жүк ташуучу унаа Кыргызстанга келди. 

Ошол эле учурда бул көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан чыкты. Жүк ташуучу унааларды өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташууга убактылуу тыюу салган.