Жаңылыктар
Эл аралык каржы уюмдары кыргызстанга колдоо көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык каржы уюмдары кыргызстанга колдоо көрсөтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Эл аралык Валюта Фондунун, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту. Анда дүйнөгө жайылган коронавирустан улам жаралган каатчылык кезеңде эл аралык каржы уюмдары менен Кыргызстандын кызматташуу жолдору талкууга алынды. 

Маселен, эл аралык валюта фонду илдеттин кесепеттерин жоюу жана инфекциянын жайылышынан улам жаралган экономикалык төмөндөөнү азайтууга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жол-жобосун караштырууда. Бул тууралуу президент менен сүйлөшүүдө Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян билдирди.