Жаңылыктар
Өзгөчө абалдагы уруксаттын тартиби
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө абалдагы уруксаттын тартиби

Өзгөчө абал учурунда азык түлүк, айыл чарба азыктары, дары дармек жана күйүүчү майлоочу каражаттарды ташууга уруксат берилет. Бул боюнча республикалык штаб менен коменданттын атайын буйругу чыгарылып, көзөмөл өткөрүүчү бөлүктөргө бүгүн таратыла баштайт.

Өкмөт өзгөчө абал учурунда 4 багыт боюнча ишмердүүлүккө уруксат берүү эрежесин иштеп чыкты. Ага ылайык, азык түлүк өндүрүүчүлөрүнүн, аны ташып жана саткандардын жүрүүсүнө тыюу салынбайт. Буга айыл чарба продукциялары, үрөн, жер семирткич жана башка товарлар кирет. Ага катар дары дармек, күйүүчү майлоочу майларды жеткирүү жана сатуу, төртүнчүсү электр энергия, газ, жылуулук жана тазалык ккоммуналдык кызматтардын өкүлдөрүнө тоскоолдук жүрүүсүнө уруксат берилди. 

Өкмөттүн буйругунда көрсөтүлгөн товарларды ташыган унааларга атайын өткөрмө кагазы берилет. Анда шаарга кирип чыгуу жана шаар ичинде тоскоолдуксуз жүрүү шарттары каралган. Болгону тиешелүү документтер толук болушу шарт. 

Кийинки маселе- ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын кызматкерлери калаада кандай тартип менен жүрө алышат. 25-марттан тарта коомдук транспорттун бардык түрү, ага катар такси кызматтары да токтотулган. Вице-пермьер белгилегендей, жумушчулардын ишке барып келүүсүн камсыздоо милдети ишканалардын өзүнө жүктөлөт. Аны менен катар азык түлүк, дары дармек саткан имараттарга өзүнчө эреже талаптар коюлду.