Жаңылыктар
Борбор калаада коомдук коопсуздук туруктуу жана абал көзөмөлдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада коомдук коопсуздук туруктуу жана абал көзөмөлдө

Бул тууралуу 26-мартта онлайн басма сөз жыйынында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. Коменданттык сааттын экинчи күнү. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү шакекчеге алынып, унаалар киргизилген жок. Себеби, карантиндик аймакта дезинфекциялоо иштери жүрүп жаткандыктан убактылуу чектөө коюлган. 

Бишкек шаарында жалпы коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпы 120 пост коюлган. Анын 15и чоң, 26сы санитардык-карантиндик, кичине блокпосттон 76сы бар. Ошондой эле, төрт райондо жөө кыдырып жүрчү патрулдук кызматкерлер иш алып барат. Бишкек шаарынын коменданты шаар тургундарын зарыл иштери болбосо күндүз көчөгө чыкпоону суранды. Анткени шаар чөлкөмдөргө бөлүнүп, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. 

Ал эми коменданттык саат деп белгиленген кечки саат сегизден таңкы жетиге чейинки убакытта көчөгө чыгууга тыюу салынган. Бирок, биринчи түндө эле Бишкекте мыйзамды бузган 195 адам кармалды. Азык-түлүк, дары-дармек ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына, ошондой эле шаардын карантиндик аймактарына тоскоолдуксуз кире алат. Ишкерлер үчүн төмөндөгү посттор аркылуу жол ачык. Учурда абал туруктуу, калкты тейлөө тармактары толук кандуу иштеп жатат. Бирок, Бишкектин коменданты өзгөчө абал учурунда иштеген мамлекеттик кызматкерлерди азайтууга чакырды.