Жаңылыктар
Эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды
Билим
Эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды

Кыргызстанда “Cанарип педагогика” деген аталышта эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сынактын максаты – таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачыл изденүүсүн баалап, жаңы мезгилдеги алдыңкы педагогдорду коомчулукка көрсөтүп, алардын тажрыйбасын, заманбап билим берүү технологияларын жана усулдарын сунуштап, топтоп жана жайылтып, маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу. 

Сынак үч этап менен өткөрүлөт. Биринчиси 26-марттан 2-апрелге чейин, экинчиси 2-30-апрелде жана үчүнчүсү 30-апрелден 18-майга чейин.Конкурска менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери өз алдынча катыша алат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Программага ылайык, ырааттуу, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, бештен кем эмес видеосабак жөнөтүшү шарт. 1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 40 000 сом, 3-орунга 30 000 сом каралууда. Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон үч сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.