Жаңылыктар
Араван районунун дыйкандары түшүмдөрүн базарларга алып чыгып сата баштады
Айыл чарба
Араван районунун дыйкандары түшүмдөрүн базарларга алып чыгып сата баштады

Араван районунун дыйкандары 2020-жылдын түшүмдөрүн базарларга алып чыгып сата баштады. Алгачкы түшүмдөрү бул чеснок жана көк пияз өсүмдүктөрү. Жергиликтүү базарларда бир боосу 10-15 сомдон сатылып жатат. Буюрса 1-апрелден баштап Ош-Бишкек шаарларынын  базарларына жеткирилип сатыла турганы мерчемделүүдө.2020-жылдын февраль айында отургузулган картошкалар учурда биринчи чабыктан чыгарылып жер бетинен көтөрүлүп, кошумча азыктандырылып жатат. 

Адистердин эсеби боюнча май айынын 2-декадасында алгачкы түшүмү базарларда сатыла баштайт. Ал эми пияздын 2019-жылдын август – сентябрь айларында себилгендеринин түшүмү май айынын башынан баштап базарларда сатылат.Араван району боюнча быйылкы жылы 1650 га жерге эртеги картошка отургузулуп,  90 га күздүк пияз жана чеснок себилген.