Жаңылыктар
Жер фондусун инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталат
Кыргызстан жаңылыктары
Жер фондусун инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталат

Өкмөттүн буйругу менен 2018-жылы Кыргызстандын жер фондусун инвентаризациялоо иштери жыйынтыкталат. Ошондон кийин гана жер тилкелери боюнча так маалымат пайда болот. 

Бул иштерди жүргүзүп жаткан мамлекеттик долборлоо институту Орусиядан атайын учуучу жабдууларды сатып алды. Анын жардамы менен азыркыга чейин 5 райондун жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлүп бүттү. 

Былтыртан бери долборлоо институту учуучу жабдуунун жардамы менен Чүй облусундагы 4 райондун жана Оштун Араван районунун жер тилкелерин толугу менен тактап чыкты. 

Аппарат жүздөгөн метр абага өйдө көтөрүлүп, тасмага түшүргөндөн кийин аэрофотодон аймакта кайсы жерге курулуштар мыйзамсыз түшкөнү, обьектилердин кайсынысы чектен ашканы жана бош жерлер даана байкалат. Жада калса жердин кыртышынын сапатын да аныктоого мүмкүн.