Жаңылыктар
Борбор калаада абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада абал туруктуу

Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 28-мартка караган түнү тартипти бузган дагы 157 жаран кармалды. Алардын арасында 134ү эркек, 23 аял, 3 өспүрүм жана 5 чет элдик жаран бар. Мыйзам бузгандарга милиция бөлүмүндө түшүндүрүү иштеринен соң, кое берилди. 90дөн ашык протокол түзүлдү. Бул тууралуу онлайн басма сөз жыйынында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. 

Белгиленген коменданттык саат учурунда, кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Бирок тилекке каршы, борбор калаада күн сайын эрежеге баш ийбеген адамдар кармалып жатат. Бишкек шаарынын шакекчеге алынган карантиндик аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Күч кызматкерлери күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында иш үстүндө. Шаар коменданты дагы бир ирет жарандарды зарыл иштери болбосо, үйдөн чыкпоону өтүндү.