Жаңылыктар
Ош: коменданттык саатты бузгандар
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: коменданттык саатты бузгандар

Ош облусундагы өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондорунда коменданттык саатты бузган 39 жаран, анын ичинде 2 чет элдик кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын көпчүлүгүн жаштар түзөт. 

"Ош облусунда таңкы саат 07:00гө карата коменданттык саатты бузган 39 жаран кармалган. Алардын ичинен 2 адам Индиядан келген студенттер. Кармалгандар райондук ички иштер бөлүмүнө жана комендатурага алынып келинген", - дейт ал.