Жаңылыктар
Мыкты сценарий кимде бар?
Маданият
Мыкты сценарий кимде бар?

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти, улуттук көркөм жана даректүү тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыялады. Учурда аны өткөрүү боюнча иштер кандай жүрүп жатат? 

Режиссер Асхат Табалдиевдин пикиринде - Жаштарда жакшы идеялар менен мыкты даярдык бар. Бирок көркөм тасма жаратууга колдоо начар болгондуктан кино тармагында өсүш болбой жатат. Эми жакшы кабардан кийин жарыяланган сынакка, албетте катышабыз,- дейт.

Учурда кино сынакты тандоо боюнча эксперттик комиссиянын курамы түзүлүп жатат. 17 адамдан турган курам, мыкты тасма жаратуучулар тобун аныктайт. Департаменттин директорунун айтымында, комиссия мүчөлөрү кино тармагын мыкты билген, ар муундун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Кинодолбоор маанилүү, жарандык жана адеп-ахлакка жооп берген, өзөктүү өзгөчөлүгү жана көркөмдүгү бар чыгарма болушу зарыл. Сынакка билдирмелерди кабыл алуу 15-июлга чейин болот. Кинематография департаментинин Эксперттик комиссиясынын отуруму жана сынактын жыйынтыгы 30-июлга чейин чыгарылат.