Жаңылыктар
Дарыгерлерге ыраазычылык акциясы
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгерлерге ыраазычылык акциясы

Бишкекте медицина кызматкерлерин колдоо акциясы башталды. Анда шаардыктар кечинде балконго чыгып "Дарыгерлерге рахмат!" деп кыйкырып кол чабышууда. Бул акциянын уюштуруучулары 28-мартта кечинде тартылган видеону Instagram баракчасына жүктөгөн. Анда « Достор, келгиле карантин убагында муңайып отурбайлы. Күн сайын кечки саат тогузда балконго чыгып кол чабууну сунуштайбыз. 

Медиктерибизди колдоп туралы", — деп айтылган. Акцияга өз үйүндө отурган бардык жарандар катыша алат. Уюштуруучулар ушундай жол аркылуу коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, дем-күч берүүнү көздөйт. Ал эми Социалдык тармактын колдонуучулары бул демилгени колдоого алып, кошулууга даяр экенин жазышууда.