Жаңылыктар
Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн резервди пайдаланат
Экономика
Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн резервди пайдаланат

Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатышат, алар ун менен камсыздалышат. Ал эми борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат. 

Ошондой эле ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырат, алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Өкмөт аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу тапшырмасы берилди.