Жаңылыктар
Абактардагы убактылуу чектөөлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Абактардагы убактылуу чектөөлөр

Өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулду. Мындан тышкары жабык жайларда отургандарга сырттагы жакындарынан буюм-тайым, азык-түлүк берүү да чектелет. Дары-дармек, гигиеналык каражаттар жана жууп-тазалоочу буюмдарды берүүгө уруксат. 

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, абактардан жугуштуу илдет боюнча кайрылгандар болгон жок. Бардык түзөтүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Абактагыларга жана кызматкерлерге коронавирус илдети, анын таркашы жана кесепеттери тууралуу маалымат берилген. Кызматкерлер тепловизор аркылуу текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Оорудан сактоочу тиешелүү каражаттар менен жабдылган.