Жаңылыктар
Кадамжай районундагы Жийделик айылында катуу сел жүрдү, 5 адам каза тапты
Өзгөчө кырдаал
 Кадамжай районундагы Жийделик айылында катуу сел жүрдү, 5 адам каза тапты

Жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жийделик участкасында  27-майда  саат 15:30 чамасында сел жүрдү.

Аталган аймактагы Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-чакырымында сел Хонда CRV маркасындагы унааны агызып кеткен. Унаанын ичинде 6 адам болгон, 5 адам каза тапты.

1 жаш баланы КР ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүм башчысы Руслан Айтиеев жетектеген ыкчам топ жана жергиликтүү тургундар куткарып калган.


Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов барып,  кырдаал менен таанышып, селдин кесепеттерин жоюу үчүн буйруктарды берди.
Каза болгондордун сөөктөрү Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы өлүк канасына жеткирилди.
Сел калдыктардан унаа жол убактылуу жабылып калган. Жолду тазалоого иштерине Транспорт кызматынын жоолду тейлөө №46 ишканасынан 2 техника тартылып, саат 16:15 чамасында унаа жол ачылган.