Жаңылыктар
Алтынай Өмүрбекова жана министр Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду
Саясат
Алтынай Өмүрбекова жана министр Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Жарлыкта Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык бошотулганы белгиленген.