Жаңылыктар
Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берилет
Өзгөчө кырдаал
Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берилет

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырды. 

Мамлекет башчысы кырсыктын айынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, курман болгон беш адамдын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду.

Ага ылайык, курман болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон берилет. Ал эми жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн президент Кадамжай районуна өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жиберди.