Жаңылыктар
Жалал-Абад: жалган маалымат тараткан жарандарга кылмыш иши козголду
Аймак
Жалал-Абад: жалган маалымат тараткан жарандарга кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда жалган маалымат тараткан жарандардын өздүгү аныкталып, аларга кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков маалымат жыйында билдирди. Өткөн сутка ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 18 тартип бузуу катталып, коменданттык саат учурунда 95 жаран кармалган. Дубанда негизинен абал тынч. 

Акыркы бир сутканын ичинде Жалал-Абадда коомдук тартип тынч. Облустун аймагында жана коменданттык саат киргизилген Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда жалпы 18 анча чоң эмес кылымыш катталган. Анын катарында жалган маалымат тараткан эки факт аныкталып, ага шектүү жарандардын өздүгү дароо такталып, иш тергөөгө алынган. Ал эми калган 16 фактынын бети ачылган.

Ал эми өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саат учурунда 95 жаран кармалган. Алар текшерүүгө алынып, өздүгү аныкталагандан кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө кое берилген. Ошол эле учурда уруксат кагазы жана башка тийиштүү документтери жок, унааны мас абалында башкарган айдоочулар дагы кармалып, 47 унаа айып короосуна жеткирилген. Катталган фактылар боюнча тиешелүү иштер алып барылууда.