Жаңылыктар
Селден жабыркагандардан Премьер-министр кабар алды
Өзгөчө кырдаал
Селден жабыркагандардан Премьер-министр кабар алды

 Бүгүн Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ күнү сел кырсыгы болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Райондогу абал, табийгат кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча эмне иштер жасалып жаткандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат берди.

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жабыркаган объектилерди кыдырып чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Өкмөт башчы жаратылыш кырсыгынын натыйжасында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 


Учурда кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча активдүү иш жүрүүдө. Кырсыктан курман болгондордун үй бүлөсүнө өкмөттүн резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүлдү. Окуя болгон жерге ошондой эле транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров, Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким Акрам Мадумаровдор барган.


Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсык болгон аймакта тез жардам кызматы иштеп, элге зарыл болгон керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирди. Дары-дармектер жетиштүү. Стационардык жана ыкчам медициналык кызматтары менен коомдук медицина кызматы даярдыкта турат. Санитардык жана эпидемияга каршы иш чаралар жүргүзүлүп жатат.