Жаңылыктар
“Балдар филармониясы” ата-энелерге кубаныч тартуулады (аудио)
Маданият
“Балдар филармониясы” ата-энелерге кубаныч тартуулады (аудио)

“Балдар филармониясы” кичинекейлер  менен  ата-энелерге кубаныч тартуулады.  Бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык  фондунун жаңы долбоору.

Концерттин өзгөчөлүгү ар бир чыгарма аткарылган соң, залдагы кичинекейлер  менен баарлашуу уланып  турду. Андагы музыкалык аспаптардын ар бирин   көрсөтүп, анан үнүн чыгарып ойноп тааныштырып жатышты.  

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык  фондунун жетекчиси,  Кыргыз Республикасынын  экс-президенти Роза  Отунбаеванын айтымында бул  балдар жана  ата-энелер үчүн агартуу программасы  ай сайын түрдүү темада өтүп турмакчы.  Мындан тышкары  ата-энелерге мазмундуу китептерди сунуш кылуу максатында, эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” аттуу балдар үчүн ырлар жыйнагын  кайрадан басып чыгарды.  Эми балдар күнүнө карата: Дордой жаңы конушундагы №94 мектепте, “Раритет” китеп дүкөнү, Бишкектеги №84   жана Кара-Кулжа районундагы Сооронбай Жусуев атындагы мектепте, балдар үчүн китеп  окуу иш-чарасы өткөрүлөт. 

Зинакан   Кайыпова, “Биринчи радио”