Жаңылыктар
Кадамжайдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө
Кырсык
Кадамжайдагы  селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Катуу жааган жамгырдан кийин, Кадамжай районунда адам өмүрүн алган сел жүрдү. 27 май күнү болгон табигат кырсыгынан, аталган райондун 5 тургуну каза болуп, 3 жаштагы бала изделүүдө. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча Кадамжай шаарчасына келген суу түтүктөрү жарактан чыгып, 100дөй үй жабыркаган.

Кече эртең менен президенттин тапшырмасы менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга барды. Ал жабыркаган үйлөрдү жеринен көрүп, кырсыктан каза тапкандардын үй-бүлөөсүнө кайрат айтты. Аны менен Алмазбек Атамбаев кырсыктын айынан курман болгондордун жакындарына Президенттик фонддон жарым миллион сом бөлүп берди. Кырсык болгон жерден кесиптешим Медер Ниязалиевдин материалы.

Айттырбай келген кырсык жергиликтүү элди түйшүккө салды. Жол жабылып каттам кыйындаганы мындай турсун таза суу, электр энергиясы берилбей калды. Сел кесепетинин зыянын иликтеген комиссия азырынча жыйынтык чыгара элек. Бирок сел каптаган унаалардын саны 17 ге жетти. Алардын экөөсү такыр жараксыз.
Катуу келген сел Кадамжай шаарынан Орозбеков айыл аймагына бара жаткан Опел Фронтера үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Унаанын ичиндеги жети адамдын бешөөсү каза болгон. 6 жаштагы баланы ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 3 жаштагы бала изделүүдө. Азырынча анын кийимдери гана табылды.28-май күнү каза болгон адамдардын сөөктөрү туугандарына өткөрүп берилген. Кырсыкка күбө болгон жергиликтүү тургундар буга чейин аймакта мындай катуу сел келбегендигин айтат.


Сел кесепетинен ички чарбалык арыктар жана жолдор жабыркаган. Кадамжай шаарын таза суу менен камсыз кылуучу болжол менен 600 метр түтүкчө жараксыз абалга келген. Жергиликтүү элди таза суу менен камсыз кылууда Кадамжай шаарынын жетекчилиги иш алып барууда.

Жийделик айылында жалпы 20 турак жайга сел суулары кирген. Тазалоо иштерине коомчулук көмөк көрсөтүүдө. Ош шаардык жаштар комитетинин демилгеси менен түзүлгөн 30 адамдан турган ыктыярдуу топ, жергиликтүү тургундар менен биргеликте сел суусу кирген үйлөрдү жана короо жайларды тазалашууда. Ал эми ӨКМ кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен унаа жолдорун калыбына келтирүүдө. Учурда Ош-Айдаркен жолу бир унаага ылайыктуу болуп ачылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгы болуп өткөн аймакка келди. Кадамжай районундагы абал, жабыркагандарга көмөк көрсөтүүжана табийгат кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жабыркаган объектилерди кыдырып чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Өкмөт башчы жаратылыш кырсыгынын натыйжасында курман болгондордун үйүнө барып жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

Учурда кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча активдүү иш жүрүүдө. Кырсыктан курман болгондордун үй бүлөсүнө өкмөттүн резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсык болгон аймакта тез жардам кызматы иштеп, элге зарыл болгон керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирди. Дары-дармектер жетиштүү. Стационардык жана ыкчам медициналык кызматтары менен коомдук медицина кызматы даярдыкта турат. Санитардык жана эпидемияга каршы иш чаралар жүргүзүлүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырды. Мамлекет башчысы кырсыктын айынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, курман болгон беш адамдын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык, курман болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон берилет. Ал эми жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн президент Кадамжай районуна өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жиберди.

Учурда селдин кесепеттерин жойуу иштери кызуу жүрүүдө. Жабыркагандарга жергиликтүү тургундар да көмөк көрсөтүүдө. Таза суу токтотулган аймактарга атайын унаалар менен сууну жеткиришүүдө. Бирок Жийделик айылындагы 12 үйгө электр энергиясы жете элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккан жүргүнчүлөргө жол тазалаган кызматкерлер менен сылык мамиледе болуп, чыдамкайлыкка чакырат. 




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118