Жаңылыктар
9-апрелде пенсиялар которулат
Кыргызстан жаңылыктары

Социалдык фонд 9-апрелден тарта пенсияларды банктык эсептерге которуп баштайт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Медер Исраилов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат. Алардын ичинен 55% банкттардан пенсиясын алса, 45% — пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат. Исраиловдун айтымына караганда келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт.