Жаңылыктар
Той-аштарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка тыю салынабы? (аудио)
Кыргызстан жаңылыктары
Той-аштарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка тыю салынабы? (аудио)

Той-аштарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө жол берген көрүнүштөрдү жоюуга багытталган мыйзам долбоору талкууну жаратууда.  26-майда  Жогорку  Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралган болчу.  Белгилей  кетчү жагдай, аталган мыйзам долбоору   мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга тиешелүү экендигин  демилгечи топтун өкүлдөрү билдиришүүдө. Депутаттар аш тойлорго чакырылган элдин санын чектөө жана  мыйзамдын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү болуп жатышы адам укугунун бузулушуна алып келиши мүмкүндүгүн айтышты. Талдоочулардын баамында, салт-санаа, үрп-адатка байланышкан  иш чараларды түшүндүрүү иштери менен чектөөгө  болот.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”