Жаңылыктар
Аярлуу катмардагы тургундарга жардам берүү
Кыргызстан жаңылыктары
Аярлуу катмардагы тургундарга жардам берүү

Калктын аярлуу катмарына жардам берүү иши ыкчам жана тегиз чечилиши кажет. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын 5-апрелдеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, гуманитардык жардамдар калктын аярлуу катмарларына жеткиликтүү болушу керек, өзгөчө, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун тегерек-четиндеги жаңы конуштардын, дачалык тилкелердин муктаж болгон жашоочуларына кол сунуу зарыл. Биринчи вице-премьер-министр бул жаатта жергиликтүү бийлик органдары оперативдүү иш алып баруусу талап кылынарын белгиледи. «Аярлуу катмардагы тургундар жардамдардан четте калбоосуна өзгөчө көңүл бурууга чакырам. 

Азык-түлүк каражаттары жарандардын каттоосуна көз каранды болбостон, ар-бир жарандын жашаган жери боюнча такталып, жардамга чыныгы муктаждарга таркатылуусу керек. Элге жардам таркатууда түшүндүрүү иштери жетишерлик деңгээлде жүргүзүлүүгө тийиш», - деп белгиледи ал. Ошол эле учурда Кубатбек Боронов шаар четиндеги тургундар банкоматтардын жетишсиздигинен борборго келүүгө муктаж болуп жаткандыгын белгилеп, бул маселени чечүү үчүн коммерциялык банктар менен тийиштүү иш алып барууну тапшырды. 

Ошондой эле калкты социалдык жактан камсыздоо органдары пенсия-жөлөк-пулдарды өз учурунда жергиликтүү почта кызматы аркылуу жарандарга даректүү жеткизип берүү иши так аткарылуусу тийиштигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Биринчи вице-премьер-министр аймактардагы штаб жетекчилерине жер-жерлерде иштеп жаткан медициналык жана милиция кызматкерлерине оору жуктуруп албоо маселесине басым жасоо керектигин эскертти.