Жаңылыктар
Москвада өрт чыгып, Кыргызстандын жараны каза болду
Кырсык
Москвада өрт чыгып, Кыргызстандын жараны каза болду

Россиянын Жаңы Москва деп аталган жеринде коронавирус жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн салынып жаткан оорукананын курулуш аймагында өрт чыгып, Кыргызстандын жараны Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну каза болду. Тилсиз жоодо бир нече чатыр күйүп кеткен. Өрт чатырдагы жылыткычтан чыккан. 30-мартта да куруучулар жайгашкан чатырларда өрт чыккан. Анда кыргызстандык жарандардын документтери күйүп кеткен. Белгилей кетсек, оорукананын курулуш иштерине КМШ өлкөлөрүнөн 8 миңдей мигрант тартылган. Алардын 2 миңге жакыны кыргызстандыктар.