Жаңылыктар
Ысык-Көл: туристтерди тосуп алууга даяр (аудио)
Туризм
Ысык-Көл: туристтерди тосуп алууга даяр (аудио)

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучу жайлар, конок үйлөрү туристтерди тосуп алууга дээрлик даяр болуп калды. Пляждар тазаланып, көчө бойлой гүлдөр олтургузулган. Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары да алгачкы эс алуучулар  келе баштады. Бирок айлана – чөйрөнүн тазалыгы, меймандарды тейлөө тармагы дагы деле аксап жатат. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өткөн туризмди өнүктүрүүгө арналган окуу-семинарда айтылды. Иш-чара Жапониянын “Жайка” агенттиги тарабынан уюштурулуп, ага шаардагы пансионат, конок үйлөрүнүн ээлери жана турагенттер катышты.

Негизинен Ысык-Көлдүн туристтик аймагынын тургундарынын басымдуу көпчүлүгү жеке туризим менен күн көрөт. Бири эс алуучуларга үйүн бошотуп берип, мейман тоссо, экинчиси туристтерди тейлеп же турагент болуп акча табат. Ал турсун короосунда бышкан мөмө-жемиштерин, кыямдарын, колго жасалган кийиз буюмдарын эс алуучуларга сатып акча кылышат. Андыктан бул аймактын жашоочуларынын экономикалык абалы өлкөдөгү саясий туруктуулук менен аба-ырайынан көз каранды.

С. Идирисов, “Биринчи радио”